Бизнес нускама: компания кайсы суроолорго жооп бериши керек?

Акыркы жылдары Кыргызстанда жоопкерчиликтүү бизнес концепциясына кызыгуу артып бара жатканы байкалууда. Айрым компаниялар адам укуктарын, социалдык жоопкерчиликти жана туруктуу өнүктүрүү маселелерин бизнес операцияларына киргизүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүү менен, өз иштеринде социалдык жоопкерчиликтүү тажрыйбаны ишке ашыра башташты.

Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү Программасы эл аралык уюму ишкердикти жоопкерчиликтүү жүргүзүү принциптери боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүп, бизнес-секторго бул багытта кеңештерди берип, колдоо көрсөтөт.

Өлкөдө жоопкерчиликтүү ишкердикти кыйла кеңири ишке ашыруу үчүн укуктук базаны чыңдоо, мамлекет тарабынан бизнестин жоопкерчиликтүү жүрүм-турумун өбөлгөлөө механизмдерин түзүү, бизнес-коомчулуктун жана калктын маалымдуулугун жана билимдүүлүгүн арттыруу, бизнес, өкмөт, жарандык коом жана башка кызыкдар тараптардын ортосундагы өз ара аракеттешүүнү активдештирүү зарыл.

Чакырыктарга жана чектөөлөргө карабастан, Кыргызстанда жоопкерчиликтүү ишкердик концепциясын ишке ашыруу өлкөнүн туруктуу экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө көмөктөшүү, адам укуктарын коргоо, бизнес жана бүтүндөй коом үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн маанилүү.

Жергиликтүү коомчулук менен өз ара кызматташуу бизнес-долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруунун маанилүү аспекти болуп саналат. Долбоорду ишке ашыруу пландалган аймактын жашоочулары менен туура жана натыйжалуу сүйлөшүүлөр мүмкүн болуучу чыр-чатактарды алдын алууга, ишенимди бекемдөөгө, колдоо табууга жана курчап турган чөйрөгө оң таасирин түзүүгө жардам берет.

Пландалган бизнес-долбоор тууралуу жергиликтүү коомчулук менен өз ара аракеттешүүдө көңүл бура турган негизги маселелер:

Жумуштуулук жана экономикалык пайда

Бизнес-долбоор жергиликтүү жашоочулардын ишке орношуусу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жана аймактын экономикасын өнүктүрүүнү шартташы мүмкүн. Жергиликтүү коомчулук менен жумуш орундарын түзүү, жергиликтүү ресурстарды өнүктүрүү боюнча пландарды жана жергиликтүү калк үчүн экономикалык пайдага долбоордун салымын талкуулоо маанилүү.

Курчап турган чөйрөгө таасири

Пландаштырылган бизнес-долбоордун суу ресурстары, абанын булганышы, ызы-чуу жана башка аспектилери сыяктуу ар кандай экологиялык таасирлери болушу мүмкүн. Долбоордун экологиялык туруктуулук маселелерине көңүл буруу жана курчап турган чөйрөгө тийгизген таасирин азайтуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө так маалымат берүү маанилүү.

Социалдык-маданий аспект

Долбоор жергиликтүү коомчулуктун каада-салт, жашоо мүнөзү сыяктуу социалдык жана маданий аспектилерине таасир берүүсү мүмкүн. Жергиликтүү маданиятка сый-урмат көрсөтүү жана социалдык интеграцияга жана жергиликтүү калк менен туруктуу өз ара аракеттешүүгө байланыштуу маселелерге көңүл буруу маанилүү.

Саламаттык жана коопсуздук

Зыяндуу заттардын чыгышы, жол коопсуздугу сыяктуу ишкананын жергиликтүү коомчулуктун саламаттыгына жана коопсуздугуна тийгизген таасири тоскоол жаратышы мүмкүн. Ден соолук жана коопсуздук стандарттарын сактоого жана баалоого байланыштуу ар тараптуу маселелерди кароо, тобокелдиктерди азайтуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жергиликтүү калкты маалымдоодо айкындуулукту жана ачыктыкты камсыз кылуу мааниге ээ.

Жергиликтүү коомчулуктун катышуусу

Бизнес-долбоор боюнча чечим кабыл алуу процессине жергиликтүү коомчулуктун катышуусуна көңүл буруу маанилүү. Бул жергиликтүү тургундарга долбоор боюнча өз ой-пикирин, сунуштарын жана тынчсызданууларын билдирүүгө мүмкүндүк берүүчү кеңештерди, ачык сүйлөшүүлөрдү, угууларды жана башка катышуу механизмдерин камтышы мүмкүн.

Бизнес-долбоорлорду пландаштырууда жана ишке ашырууда жергиликтүү коомчулук менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү туруктуу жана социалдык жоопкерчиликтүү ишкердиктин маанилүү аспектиси болуп саналат. Курчап турган чөйрөгө тийгизген таасири, жумуштуулук жана экономикалык пайда, социалдык-маданий аспектилер, саламаттык жана коопсуздук, ошондой эле коомчулуктун катышуусу сыяктуу негизги маселелерге көңүл буруу жергиликтүү коомчулукта ишенимди жана колдоону бекемдейт, чыр-чатактар жана соттук териштирүүлөр тобокелдиктерин азайтат, туруктуулук деңгээлин жана бизнес-долбоордун узак мөөнөттүү ийгилигин арттырат.

Кайтарым байланыштын маанилүүлүгү

Жергиликтүү коомчулуктун пикирлерин жана кооптонууларын активдүү угуулардан тышкары долбоор кантип ишке ашырылары, кандай өзгөрүүлөр киргизилери жана мүмкүн болуучу көйгөйлөр кандайча чечилери тууралуу кайтарым байланыш жана маалымат берүү олуттуу мааниге ээ. Бул ишенимди бекемдөөгө жана жергиликтүү коомчулук менен мамилелердин ачык болушуна шарт түзөт.

Өнөктөштүк жана кызматташтык

Жергиликтүү коомчулук менен өз ара алакада болуу бир тараптуу мамилеге эмес, өнөктөштүккө жана кызматташтыкка негизделиши керек. Бул жергиликтүү коомчулукту чечимдерди кабыл алууга, биргелешип пландаштырууга жана долбоорлорду ишке ашырууга, өз ара пайданын негизинде узак мөөнөттүү мамилелерди түзүүгө кошууну билдирет.

Долбоордун узак мөөнөттүүлүгү

Жергиликтүү коомчулук менен өз ара аракеттешүү долбоордун узак мөөнөттүү туруктуулугуна көңүл бурууга тийиш. Бул жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө, жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө, курчап турган чөйрөнү коргоого жана жергиликтүү жамааттардын туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшүүчү башка аспектилерге өбөлгө түзүү чараларын камтышы мүмкүн.

Мониторинг жана баалоо

Бизнес-долбоорду ишке ашыруу процессинде жергиликтүү коомчулук менен өз ара аракеттешүүгө мониторинг жана баалоо жүргүзүү маанилүү. Бул иш-чаралардын натыйжалуулугун баалоого, түзөтүүлөрдү киргизүүгө, ошондой эле келечектеги долбоорлор үчүн сабак алууга жардам берет.

Туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу жана жергиликтүү коомчулукка терс таасирин азайтуу үчүн компаниялар пландаштырылган долбоорлорду ишке ашырууну баштоонун алдында социалдык жоопкерчиликти сезип, коомчулукка таасирине талдоо жүргүзүшү керек.

Бизнес жана адам укуктары боюнча БУУнун жетектөөчү принциптери жергиликтүү коомчулукка терс таасирин азайтуу жана адам укуктарын сактоо боюнча долбоорлорду пландаштырууда жана ишке ашырууда бизнес үчүн баалуу көрсөтмөлөрдү берет. Жоопкерчиликтүү бизнес жүргүзүү принциптеринин негизинде бизнес эске алышы керек болгон негизги аспектилер.

Ыкчам кеңештерди ишке ашыруу

Долбоорду пландаштыруунун алгачкы баскычында ишканалар жергиликтүү коомчулук жана кызыкдар тараптар менен кеңешиши керек. Буга долбоор тууралуу маалымат берүү, мүмкүн болуучу тобокелдиктерди жана көйгөйлөрдү аныктоо, жергиликтүү коомчулуктун пикирлерин жана сунуштарын кабыл алуу кирет. Кеңештер ачык-айкын, кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсүн камтыган жана жергиликтүү маданий жана тилдик өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өтүшү керек.

Ишкерлер өздөрүнө бериши керек болгон суроолор жана аларга жооп алуу үчүн жергиликтүү коомчулук менен байланышуу механизмдерин табышы керек:

➔ Коомчулуктун мүчөлөрү компаниянын ишмердүүлүгүнө байланыштуу кандай негизги көйгөйлөргө/маселелерге туш болушу мүмкүн?

➔ Коомчулуктун ушул жана башка көйгөйлөрүн чечүү боюнча кайсы уюмдар көбүрөөк иштеп жатышат? (мисалы, фермерлер тобу, өкмөттүк эмес уюм, жаштар тобу, мектеп комитети, диний топ, кооператив ж.б.).

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КООМЧУЛУК МЕНЕН КЕҢЕШ БЕРҮҮЛӨР УЧУРУНДА БЕРИЛҮҮЧҮ СУРООЛОРГО МИСАЛДАР:

КООМЧУЛУККА МААЛЫМАТ БЕРҮҮ

➔ Коомчулукка компаниянын пландаштырылган иш-чаралары тууралуу маалымат жана кеңештер берилдиби, эгер берилген болсо, качан жана ким тарабынан?

➔ Кеңеш берүүлөр кайда өттү? Кеңеш берүүлөр эмнелер жөнүндө болду? Маалымат кантип берилди?

ЖАШОО КАРАЖАТТАРЫ

➔ Адамдардын жашоосу үчүн негизги киреше булактары кайсылар?

➔ Компаниянын ишмердүүлүгү адамдардын жашоо мүнөзүн жана киреше табуу ыкмасын өзгөртө алабы, эгер өзгөрсө, анда кантип?

➔ Компаниянын катышуусу адамдардын жашоосуна кандай таасир этиши мүмкүн, мисалы, адамдар жаңы жумушка орношот, компаниянын жерди пайдалануусу жамааттардын айыл чарбасын иштетүү мүмкүнчүлүгүн чектейт, компаниянын ишмердүүлүгүнө байланыштуу баалар кыйла кымбаттайт?

ЖЕР МАСЕЛЕЛЕРИ

➔ Адамдар жерди кантип пайдаланат, мисалы, айыл чарба максатында, жашоо үчүн ж.б.?

➔ Компания өз ишмердүүлүгү үчүн жерди ижарага алдыбы же сатып алдыбы? Кандай баада?

➔ Эгерде ошондой болсо, бул жер жеке менчик беле же мамлекетке таандык жер болгонбу?

КӨЧҮҮ

➔ Компаниянын ишмердүүлүгүнө байланыштуу адамдардын көчүп кетүүлөрү же жер которуулары болобу? Эгер ошондой болсо, канча адам көчүрүлүшү мүмкүн жана алар кайда көчүрүлөт?

➔ Эгерде көчүрүү процессинин алкагында кенемте төлөп берүү сунушталса, так кандай компенсация жана кандай өлчөмдө төлөнөт, мисалы, турак жай, жер, түшүмбү?

➔ Жардам жана кенемте кимге берилет, мисалы, бардык жер которгондорго жардам көрсөтүлөбү же айрымдарына гана, эгер көрсөтүлсө, кимге жана эмне үчүн?

СУУ ЖАНА КУРЧАП ТУРГАН ЧӨЙРӨ

➔ Компаниянын ишмердүүлүгү айлана-чөйрөгө кандай таасир этиши мүмкүн, мисалы, ызы-чуу, чаң, титирөө, токойлорду кыюу, уулуу калдыктарды сактоо жана суунун жеткиликтүүлүгү?

➔ Булгануунун мисалдары барбы, эгерде болсо, алар кандай? Аймактын тургундары өз ден соолугуна тынчсызданышабы?

КООПСУЗДУК МАСЕЛЕЛЕРИ ЖАНА ЧЫР-ЧАТАКТАР/НААРАЗЫЧЫЛЫКТАР

➔ Мурда компания менен коомчулуктун ортосунда чыр-чатактар болгонбу, эгерде болсо, качан, эмне боюнча жана кандай аяктаган? Жаңжал чечилгенби, эгерде чечилсе, кантип?

ИЧКИ МИГРАЦИЯ

➔ Компанияда иштөө үчүн адамдардын аймакка көчүп келиши керекпи, эгер андай болсо ким жана эмне үчүн, мисалы, жумушка орношууну каалаган адамдар?

➔ Бул жаңы келген адамдар жергиликтүү коомчулукка кантип интеграцияланышат, бул жагынан көйгөйлөр болушу мүмкүнбү?

➔ Бул жаңы келген адамдардын болушу саламаттыкты сактоо, билим берүү мекемелери же негизги керектөөлөр сыяктуу социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүнө таасирин тийгизеби?

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КАЛКТЫ ИШ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ

➔ Компанияга жергиликтүү адамдарды жумушка алуу пландалып жатабы, эгер андай болсо, алар кимдер, мисалы, эркектер, аялдар, квалификациялуу же квалификациясы жок адамдар?

➔ Коомчулуктагы адамдар компаниянын болушунан пайда көрөбү?

➔ Балдар компанияга байланыштуу иштерге тартылабы? Компания балдардын эмгегин алдын алуу боюнча иш алып барабы?

КООМЧУЛУКТУ ӨНҮКТҮРҮҮ ДОЛБООРУ ЖАНА МҮМКҮНЧҮЛӨР

➔ Компаниянын коомчулукту өнүктүрүү боюнча долбоорлору барбы? Эгерде бар болсо, бул кандай долбоорлор жана аларды ким ишке ашырат, мисалы, коомчулуктун мүчөлөрү, компаниянын кызматкерлери, жергиликтүү уюмдар?

➔ Коомчулукту өнүктүрүү долбоорлору боюнча коомчулуктун мүчөлөрү менен кеңешилдиби?

ДАТТАНУУЛАРДЫ КАРОО

➔ Адамдардын компаниянын ишмердүүлүгүнө карата даттануулары же кооптонуусу барбы, эгер ошондой болсо, алар кандай?

➔ Адамдар өздөрүнүн көйгөйлөрүн же даттанууларын компанияга кантип билдире алышат?

➔ Компаниянын адамдар колдоно ала турган даттануу механизми барбы? Бул механизм анонимдүүбү? Компаниялар долбоордун таасирине кабылышы мүмкүн болгон жергиликтүү тургундар үчүн талаштарды кароо жана чечүү механизмдерин түзүшү керек. Бул механизмдер жеткиликтүү, ачык-айкын жана натыйжалуу болушу керек жана жергиликтүү коомчулук аларды кантип колдонууну билиши кажет. Буга коомчулук менен байланыш кызматын, ишеним телефонун түзүү, коомдук угууларды уюштуруу же көз карандысыз ортомчуларды дайындоо кирет.

Жалпысынан алганда, компаниянын жогорку жетекчилигинин деңгээлинде төмөнкү маселелер дайыма көңүл буруунун предмети болушу керек:

➔ Компания демейде жергиликтүү калк менен кантип байланышат?

➔ Компаниянын кызыкдар тараптар менен иштешүү планы барбы?

➔ Компания ким менен кеңешет, мисалы, коомчулуктун мүчөлөрү, өкмөттүк эмес уюмдар, жергиликтүү бийлик органдары ж.б.?

➔ Компания ар кандай кызыкдар тараптар менен канчалык көп иштешет?

Маданий өзгөчөлүктү жана жергиликтүү элдин укуктарын урматтоо

Компаниялар эгерде алар долбоордун аймагында жашаса жергиликтүү тургундардын маданий өзгөчөлүктөрүн жана укуктарын эске алышы керек. Бул алардын жерге, сууга, токойлорго жана башка ресурстарга болгон укуктарын урматтоо жана коргоо, ошондой эле алардын каада-салттарын, үрп-адаттарын жана жашоо образын сыйлоону камтыйт. Ишкерлер жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүүлөргө барып, долбоор боюнча чечим кабыл алуу процессине алардын пикирин киргизүүсү керек.

Социалдык жоопкерчилик жана айкындуулук

Компаниялар жергиликтүү коомчулук, кызыкдар тараптар жана бийлик органдары менен ачык жана чынчыл баарлашууну камтыган социалдык жоопкерчилик жана айкындуулук менен иштеши керек. Өз ишмердүүлүгү жана алардын жергиликтүү коомчулукка тийгизген таасири, анын ичинде терс таасирлерди азайтуу жана адам укуктарын сактоо боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө отчет берүүсү зарыл.

Материалды даярдоодо Бизнестин адам укуктарына тийгизген таасирин баалоо боюнча Адам укуктары боюнча Дания институтунун методикалык сунуштары колдонулду.

Бул макала Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен БУУ ӨП "Бизнес жана адам укуктары" (B+HR) долбоорунун алкагында Кыргызстанда ишкердик чөйрөсүндөгү адам укуктарынын маселелерин илгерилетүү боюнча маалыматтык кампаниянын элементи болуп саналат.

Автору: Манаева Айдай


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД