Ысык-Көл облусунда бир түн ичинде 9 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.
Анын берген маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан 25-26-майга караган түнү 151 жол эрежесин бузган айдоочу аныкталды анын ичинен 9 айдоочу мас абалында кармалган.
Айдоочулук күбөлүгү жок 3 айдоочу кармалган.
Мектеп бүтүрүүчүлөрү тарабынан эч кандай мыйзам бузуулар катталнан жок.
Ысык-Көл облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантат.