Төө-Ашуу ашуусундагы туннель маал-маалы менен убактылуу жабылып турат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек - Ош автожолунун 129-131 чакырымында жайгашкан, Төө-Ашуу ашуусундагы К.Көлбаев атындагы туннелдин ичиндеги электр зымдарын, прожекторлорун тартуу жана актоо иштерине байланыштуу 2023-жылдын 19-майынан 28-июнуна чейин автоунааларды жүрүү кыймылына маал-маалы төмөнкү убакыттарда чектөөлөр кирип турат:
-05:00дөн, 08:00гө чейинки убакытта;
-10:00дөн 12:00гө чейинки убакытта;
-14:00дөн 16:00гө чейинки убакытта.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларга жогорудагы убакыттарды эске алып, алдын ала пландоо менен жолго чыгууну сунуштайт.