2-3-июнь күндөрү Балыкчы - Чолпон-Ата унаа жолуна чектөө киргизилет

2-3-июнь күндөрү Балыкчы-Чолпон-Ата унаа жолуна мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-3-июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жана Европа кеңешинин төрагасынын жолугушу учурунда, чет өлкөлөрдөн келген делегаттарды тосуп алуу жана коштоп жүрүү учурунда, Балыкчы-Чолпон-Ата унаа жолдоруна маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат.

"Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара болгондуктан, жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбооңуздарды, оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД