Жалал-Абадда унаа айдап качкан деп 23 жаштагы жаран кармалды

Жалал-Абад облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери авто унаа каражатын уурдап качкан жаранды кармады. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 28-майында Жалал-Абад облусунун Жол кыймылынын коопсузугун камсыздоо кызматкерлерине 1955-жылы туулган А.К. атуу жаран арыз менен кайрылган.

Анда, 27-май күнү 23:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов көчөсүндө токтоп турган "Деу-Нексия" үлгүсүндөгө авто унаасын белгисиз жарандар айдап качып кетишкен. Бул боюнча тийиштүү чара көрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Бул факты боюнча Жалал-Абад облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган К.К. аттуу жаранды кармашып, тийиштүү чара көрүү үчүн Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД