3 айда 1200дөй мас айдоочу айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган

Үч ай ичинде 1200гө жакын мас айдоочу айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 8-мартынан тартып, мас абалында унаа башкаргандардын жоопкерчилиги күчөтүлүп, мас айдоочуларга 17500 сом айып салуунун ордуна, бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратуу беренеси киргизилген.

Жаңы эрежелер күчүнө киргенден тартып, 8-марттан, 31-майга чейин, өлкө аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан 1770 мас айдоочу аныкталып, анын ичинен 1200гө жакын айдоочу соттун чечими менен унаа башкаруу укугунан ажыраган. Калгандары соттун кароосунда. Андан сырткары 100 айдоочу үч суткага соттун чечими менен камалган.

Эскерте кетсек, айрым беренелерге айып пулдардын жогорулатылгандыгынын себебинен жол эрежелеринин бузуунун баардык түрлөрү төмөндөп, анын ичинен мас абалында унаа башкаргандардын саны 46 пайызга азайган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД