Талас ОИИБдин кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери кылмыштын иизин суутпай ачышты. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Талас районунун Кум-Арык айылынын тургуну 1988- ж.т. К.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган.
Анда 4-июндан 5-июнга караган түнү белгисиз адам үйдүн терезесин сындырып кирип бөлмөдөгү 1 компьютер жана 5 кг этин уурдап кеткенин билдириген.
Аталган факт Талас РИИБдин маалымат электрондук эсепке алуу журналында катталып, Кыргыз Республикасын Кылмыш жаза кодексинин 205-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.
Аталган кылмыш иши боюнча Талас ОИИБдин кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлеринин ыкчам иш алып баруунун натыйжасында Бакай-Ата районунун Үч-Эмчек айлынын тургуну 1996-ж.т. Р.С уулу аттуу жаран шектүү катары кармалган. Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.