Айтматов РИИБдин көчмө кабылдамасы сервистик тейлөө көрсөтүүдө

Талас облусуна караштуу Айтматов РИИБдин көчмө кабылдамасы сервистик тейлөө көрсөтүүдө. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Айтматов РИИБдин башчысынын орун басары, милициянын майору Ислам Кутманов жана өздүк курам биргелешип, кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында, көчмө кабылдамасы райондун аймактарында юридикалык жана сервистик тейлөө көрсөтүүдө.

Ошондой эле жарандарга мал жандыктарды кароосуз калтырбоого жана малдарды жайлоолорго кайтарууга кошууда этият болууга чакырды. Жарандарга башка аймактардан жалданган малчыларды алып келген болсо Айтматов РИИБдине каттоого зарыл экендигин эскертишти.

Жыл башынан тартып Айтматов РИИБдин көчмө кабылдамасы 64 жолу айыл аймактарга чыгуулар болгон 146 жаран кайрылып 72 арыз даттануулар келип түшкөн, ошондой эле 39 юридикалык кеңештер берилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД