Техникалык оң абалда эмес туруп каттамга чыккан 141 коомдук унаа аныкталды

Кыргызстандын аймагында "Техникалык абал" жана "Коомдук транспорт" аталышында рейд өткөрүлүп, 28 142 бузуулар аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын техникалык көзөмлөдөө бөлүмү тарабынан 23-апрелден тартып, 31-майга чейин, жалпы республиканын аймагында "Техникалык абал" жана "Коомдук транспорт" аталышында профилактикалык рейддик иш-чара өткөрүлүп, жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттор, автобустар, кичи маршруттук унаалар текшерилип, бир ай ичинде 28 142 кемчиликтер аныкталды.

Алардын ичинен:

-Техникалык оң абалда эмес унаалар -141 (182-берененин 1-бөлүгү) ;

-Техникалык кароодон өтпөгөн унаалар -153 (182-берененин 2-бөлүгү) ;

-Техникалык оң абалда эмес унааларга каттамга чыгууга уруксат берүү -13 (182-берененин 7-бөлүгү)

-Жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин бузуу -59 (199-берене )

-Лицензиясыз (уруксатсыз) ишкердик ишти жүргүзүү -13 (184-берененин 1-бөлүгү)

-Башка эреже бузуулар -27 763.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД