Кызыл-Кыяда баңгизат сатып жүргөн деп шектелип 2 адам кармалды

Кызыл-Кыя шаарынын 2 тургуну баңгизат сатууга шектелип кармалышты. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен РИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлерине жеткен маалымат боюнча Кызыл-Кыя шаарынын тургундары М.М. менен А.Т. жарандарга баңгизат сатууну алдын ала сүйлөшүп алышып, Баткен облусунун аймагында баңгизат сатуу боюнча туруктуу канал түзүшкөн. 2023-жылдын 5-майында бул факты Баткен РИИБде катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиинин 282-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

2023-жылдын 5-майынан баштап баңгизаттарды саткандарды аныктоо, сатуу каналына бөгөт коюу боюнча Баткен РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан атайын тергөө аракеттери жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында 2023-жылдын май айында Кызыл-Кыя шаарынан М.М. менен А.Т. сатууга алып келишкен бангизатына далил буюм катарында бир нече жолу "контролдук" сатып алуу жүргүзүлүп, дайындалган соттук-химиялык экспертизасынын корутундусуна ылайык, алынган зат 30 грамм "гашиш" бангизаты экендиги аныкталган.

Ошондой эле, тергөө учурунда М.М. менен А.Т. жогоруда жасаган кылмышы менен чектелип калбастан, башка дагы кылмыш ишин жасагандыгы аныкталган. Тактап айтканда, шектүүлөр Баткен облусунда баңгизаттарын сатуу боюнча туруктуу канал түзүшүп, бир нече убакыттан бери мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип жүрүшкөн. 2023-жылдын 30-майында Кызыл-Кыя шаарынын Ак-Булак айыл аймагынан "Мерседес-Бенц С-180" үлгүсүндөгү унаада кармалып, унаанын алдынкы тараптагы олтургучтун бут коючу килемчесинин үстүндө турган баңгизатына алуу жүргүзүлүп, дайындалган соттук-химиялык экспертизасынын корутундусуна ылайык, алынган зат "гашиш" бангизаты экендиги аныкталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча жогорудагы кармалган жарандар баңгизатты сатуу максатында Ош облусунун аймагынан Баткенге ташып келип жүрүшкөн. 2023-жылдын 31-майында кылмыш иши боюнча кармалган шектүүлөр М.М. жана А.Т. Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96-беренесинин негизинде Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда бул кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД