ЖКККББнын Башкы башкармалыгында ишембилик өткөрүлдү

ЖКККББнын Башкы башкармалыгында ишембилик өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын имаратында жетекчиликтин тапшырмасы менен башкармалыктын өздүк курамы тарабынан имараттын ичин жана тышкы айланасын тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Ишембиликке жетекчиликтен тартып, нөөмөт бөлүмүнө чейинки баардык кызматкерлер тартылып, имараттын тегерегиндеги таштандылар алынып, арыктар тазаланып, эски куураган бактардын бутактары кесилип, баардык тарабы ирээтке келтирилди. Ошондой эле жаз алды менен орнотулган көчөттөргө суулар куйулуп, астылары тазаланды.

Мындай тазалап иретке келтирүү ишембиликтери мындан ары да уланат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД