Төө-Ашуудагы туннелдин ичинде жолдорду оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош-Бишкек унаа жолундагы Төө-Ашуу туннелинин 129+500-чакырымынан тартып, 129-150-чакырымына чейинки аралыктагы жолдун бир бөлүгүндө жолдорду оңдоо иштери бүгүндөн баштап, 30-июнга чейин уланат.
"Туннель ичиндеги ыңгайсыздыктарды эске алып, ылдамдыкты азайтуу менен коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырабыз.
Ошондой эле буга чейинки маал-маалы менен киргизилген чектөөлөргө байланыштуу жолдо жүрүүдө жол кыймылын алдын ала пландап алыңыз", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейинки чектөөлөр күчүндө. Алар ;
-05:00дөн, 08:00гө чейин;
-10:00дөн, 12:00гө чейин;
-14:00дөн, 16:00гө чейин.