Талас милициясы сууга чөгүп кетүүлөрдүн алдын алуу​ боюнча иш алып барууда

Талас РИИБи агын суулардан этият болууну өтүнөт.

Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жайдын аптабы менен адамдар жаратылышта эс алып, токойдо, бассейн жана агын сууларда сууга түшүп башташты. ​

Талас РИИБдин коомдук коопсуздукту камсыздоо бөлүмү суу кырсыктарын алдын алуу​ боюнча активдүү иш алып барууда. Милициянын көчмө кабылдамасы менен Талас суусунун жээгиндеги агын суулар, көлмөлөр, каналдар текшерилди. ​ Сууга түшүп жаткан балдардын ата-энелери чакырылып, колдоруна тапшырылды. Ар бирине эскертүү жасап, кооптуу жерлерге барууда балдарды кароосуз калтырбай, суу кирип жаткан жерлерге эс алуудан карманууну айтты.

Андан тышкары Талас РИИБдин жетекечилиги тарабынан​ Беш-Таш жаратылыш паркынын кире беришине пост коюлду. Ал постто турган милиция кызматкерлери өткөн жарандарга коопсуздук эрежелерин айтып, авто унааларды, ок атуучу куралдар менен өткөн жарандарды текшерүүгө алып, туристтик сезондо эс алуучуларга коопсуздукту камсыздап беришүүдө. Участкалык инспекторлор ​ байланыш телефондорун берип, сервистик тейлөө көрсөтүүгө даяр экендигин билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД