Туристтик сезонго байланыштуу коомдук унаалардын ишмердүүлүгү текшерилүүдө

Туристтик сезонго байланыштуу коомдук транспорттордун ишмердүүлүгү текшерилүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү жайкы туристтик мезгил учурунда чет өлкөдөн келген конокторду жана өзүбүздүн жарандары ташыган шаар жана аймак аралык каттамдарга каттаган жүргүнчү ташыган автобустарды жана кичи маршруттук унаалардын техникалык абалын текшерүүгө алууда.

Анда, таң эрте каттамга чыгуу учурунда айдоочулар кан басымын текшерилүүсүн, наркология бөлүмүнөн өтүүсүн, ал эми авто унаалар техникалык кароодон өткөрүлүп, тийиштүү шаймандар жана жабдуулардын болуусу каралууда.

Эскерте кетсек, буга чейин коомдук транспортторго карата рейддик иш-чаралар өткөрүлүп, 28 142 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД