Туристтик мезгил учурунда Бишкек – Ысык-Көл жолундагы посттор күчөтүлөт

Туристтик мезгил учурунда туруктуу посттор күчөтүлөт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Чолпон-Ата шаарында КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери жана жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттордун фирмаларынын жетекчилеринин катышуусунда жыйын болуп өттү.

Анда, туристтик мезгил учурунда жүргүнчүлөрдү ташууда коомдук транспорттордун техникалык абалы, жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча лицензиялык уруксат кагаздары, айдоочулардын психологиялык даяр абалдары талкууланып, коопсуздукту күчөтүү боюнча биргелешкен иш-чараларды уюштуруу тапшырмалары коюлду.

Ошондой эле ЖКККББгы тарабынан Бишкек-Ысык-Көл унаа жолуна туруктуу посттор күчөтүлүп, ар бир жүргүнчү ташыган унаалар текшерилээри эскертилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД