21-23-июнда Бишкек жана Чүйдүн айрым көчөлөрүнө чектөөлөр киргизилет

21-23-июнь күндөрү Бишкек жана Чүйдө айрым көчөлөргө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Германиянын федералдык президенти Кыргызстанга расмий сапары менен келүүсүнө байланыштуу 21-23-июнь күндөрү Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын төмөнкү борбордук көчөлөрүнүн унаа кыймылына мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат.

- "Манас" Эл аралык аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин,

-Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен Жибек-Жолу көчөсүнө чейин,

-Жибек-Жолу көчөсү Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү.

-Жаш-Гвардия бульвары түштүктү карай Жибек-Жолу көчөсүнөн тартып, кең Чүй көчөсүнө чейинки бөлүгү.

-кең Чүй көчөсү Жаш-Гвардия бульварынан тартып, чыгышты карай Манас көчөсүнө чейинки бөлүгү.

-Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү.

-"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынан тартып, "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейин.

-Бишкек шаарынан чыгып, Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолу (Объездная дорога) аркылуу Токмок шаарына чейин.

Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара болгондуктан, жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбооңуздарды, оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырабыз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД