Таласта милиция жергиликтүү бийлик менен биргеликте видеокөзөмөл орнотууда

Айтматов РИИБдин кызматкерлери кылмыштуулуктун алдын алуу максатында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргелешип видеокөзөмөл орнотушту. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Айтматов РИИБдин кызматкерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын № 103 мыйзамынын, Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти коргоонун, калктын саламаттыгын жана адептүүлүгүн сактоонун, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун конституциялык ченемдерине ылайык, ушул Мыйзам аркылуу менчигинин түрүнө карабастан имараттарды жана курулмаларды сырткы видео байкоо тутуму менен милдеттүү түрдө жабдуу, сырткы видео байкоо жөнүндө талаптарды аткаруу зарыл.

Айтматов районунун Ак-Башат, Кара-Сай жана Маймак айыл аймактарында, борбордук көчөлөргө жана кооптуу жерлерге жогорку сапаттагы видео көзөмөлдөөчү камералар орнотулду. Видео байкоочу камералардын максаты кылмыштуулуктун жана ар кандай коомго коркунуч жаралган окуяларды алдын алуу жана болтурбоо болуп саналат.

Азыркы учурда 6 жогорку сапаттагы видео байкоочу камералар ишке киришти. Жакынкы убакытта Айтматов районунун айыл аймактарында кошумча камералардын коюлушу күтүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД