Акыркы учурларда адам өлүмү менен коштолгон жол унаа кырсыктары катталууда. Анын келип чыгуу себептери, айдоочулар жолдо жүрүү учурунда каттуу ылдамдыкта айдоо менен каршы тилкеге чыгып, коопсуздук эрежелерин толук кандуу сактабагандыгы жана ичимдик ичип алып, унаа башкаруулары себеп болууда. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ошондой эле унаа башкарып бара жатып рулда уктап калып кырсыктарга кабылып калган фактылар да кездешүүдө.
Жогорудагы талдоолорду эске алып, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жолдо жүрүү учурунда, жоопкечиликтүү болууга чакырып, жол коопсуздугун камсыздоо үчүн, баардык текшерүү көзөмөлдөө иш-чаралары күчөтүлөөрүн эскертет.