Таласта милиция мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Айтматов РИИБдин кызматкерлери райондун мектептеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Айтматов РИИБдин кызматкерлери райондун аймагында жайгашкан мектептерде жана лицейлерде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана социалдык кызматкерлер менен биргеликте бүтүрүүчү улан кыздарга ар кандай авто жүрүштөрдү жана авто жарыштарды уюштурпоого, эс алуучу жайларга жана ресторан, кафе, экскурсиялар жана бүтүрүүчү кечелерди уюштуруу тыюу салынганын эскертишти.

Ошондой эле көчмө кабылдама менен биргеликте тоолуу аймактарды, сууга түшүүчү жайларды, агын сууларды текшерүүдө. Мугалимдерге жана ата-энелерге балдарын көзөмөлгө алып, кароосуз калтырбоого чакырды.

Областтын бардык бөлүмдөрүндө жана жол коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын инспекторлору менен биргеликте күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД