Кечкисин өспүрүмдөр жүргөн унаалар текшерилип, көзөмөл күчөтүлөт

Кечкисин өспүрүмдөр жүргөн унаалар текшерилип, көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-23-июнга чейин өлкө аймагында мектеп бүтүрүүчүлөрү колдоруна мектепти аяктагандыгы тууралуу күбөлүктөрү менен аттестаттарын алышат.

Ал менен кошо окууну бүткөндүктөрүн майрамдашып, жаратылыш эс алуучу жайларга, кечкисин кафе-ресторандарга жана түнкү клубтарга баруусу менен коомдук коопсуздукка каршы иштерди жасоо коркунучу бар.

Мындай терс көрүнүштөргө жол бербөө максатында, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бул күндөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөө менен унааларга болгон көзөмөлдү күчөтөт. Айрыкча кечкисин жаш өспүрүмдөр жүргөн унаалардын баарын текшеришип, .профилактикалык иш-чаралар жүргүзүшөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД