Чүйдө мыйзамсыз күйүүчү май саткандарга карата рейд өттү

Мыйзамсыз күйүүчү май саткандар тазаланууда. 2 тонна 600 литрге жакын күйүүчү май алынды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Салык кызматы, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жол жээгинде мыйзамсыз көрнөк-жарнактарды орноткон жана башаламан соода-сатык кылган жарандарга карата жол жээктерин иретке келтирүү максатында рейддик иш-чара жүргүзүштү.

Рейд, Чүй облусунун Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 232-чакырымынан тартып, 244-чакырымына чейинки (А/Д. объездной.) бөлүгүндө өткөрүлүп, башаламан желим бөтөлкөлөргө күйүүчү май куйуп, эч кандай коопсуздук эрежелерин сакташпай, мыйзамсыз сатып жатышкан 6 жаранга ар бирине 3000 сомдон айыптар салынып, жалпы 2 тонна 600 литр күйүүчү май алынды.

Ошондой эле рейддин жүрүшүндө, жол жээктерине мыйзамсыз орнотулган 20 даана, КРнын "Автомобил жүрүүчү жолдор" боюнча мыйзамына туура келбеген жол жээгиндеги мыйзамсыз жана өз алдынча илинген көрнөк-жарнактар, паннолор, плакаттар, жол белгилери аныкталып, баарына КР Укук бузуулар кодексинин 179-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, тийиштүү протокол толтурулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД