Нарында туристтер үчүн "QR" коду менен маалымат такталары илинүүдө

Туристтер үчүн жол көрсөткөн "QR" коду менен маалымат такталары илинүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЖКККББнын Нарын облусттук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан Нарын облусунун аймагына туристтердин коопсуздугун камсыздоо жана алардын эс алуусуна толук кандуу шарттарды түзүү максатында 10 даана "QR" коду менен маалымат такталары илинүүдө.

Бул "QR" коду аркылуу Нарын облусуна келген туристтер уюлдук телефонунан Нарын облусу боюнча кайсыл жерде эс алуучу жайлар, тамактануучу жайлар бар экендигин жана авто унаа тейлөөчү сервердик жерлерди ошондой эле жол карталарын көрө алышат.

Эскерте кетсек, буга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан туристтер үчүн 20 миң даана эскертме буклеттери даярдалып, баары жер-жерлерге таратылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД