Талас шаарында "Өспүрүм-эмгек" рейди жүрүүдө

Талас шаарында "Өспүрүм-эмгек" рейди жүрүүдө. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин максаты эмгекке тартылган жаш өспүмдөрдү аныктоо, алардын ата-энелерине жана жумуш ордун камсыздап берип жаткан физикалык жана юридикалык жактарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Өспүрүм балдар акча табуу, мектепке даярдануу максатында ар кандай жумушка иштеп үй бүлөсүн жана өзүн багууга аракет кылышат. Бирок кээ бир учурларда оор шарттарда, ден соолугуна зыян тийгизген эмгекти аткаруу болуп калууда.

Талас шаарынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы шаардык билим берүү мекемеси менен бирдикте атайын рейд өткөрүүдө. Анда борбордук базар, комдук тамактануу, оптовый магазиндер, соода түйүндөр жана унаа жуучу жайлар текшерилди. Текшерүү учурунда унаа жуучу жайда иштеген 3 бала, жер-жемиш саткан базарда 3 жана соода сатыкта иштеген 5 өспүрүм аныкталды. Алардын ата энелери чакыртылып, иштеген жердеги жетекчилерине эскертүүлөр берилип, айрымдарына административдик протоколдор түзүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД