Улуттук гвардиянын түзүлгөн күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

2023-жылдын 20-июлунда 10126 аскер бөлүгүнүн базасында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын түзүлгөн күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, салтанатка Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары полковник Алмазбек Карасартов, КР КК Улуттук гвардиясынын колбашчысы полковник Талантбек Эргешов, УГ ардагерлери жана чакырылган коноктор катышты.

"Улуттук гвардия - конституциялык түзүлүштү, мамлекеттин эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо, маанилүү мамлекеттик объектилерди коргоого катышуу, протоколдук тартипти камсыздоо боюнча алдына коюлган милдеттерди аткарууга жөндөмдүү, жогорку күжүрмөн даярдыгы бар аскердик түзүлүш.

Ал муундар ортосундагы ажырагыс байланышты жана аскердик салттарды улантып, аскердик кызмат Кыргызстандын жаранынын ыйык милдети экенин, өсүп келе жаткан муунга Мекенге болгон берилгендиктин жана жан аябас кызмат кылуунун үлгүсү болуп, патриоттук сезимдерди калыптандырууга салым кошуп келет", - деп белгиледи өз сөзүндө полковник Алмазбек Карасартов.

Иш-чаранын жүрүшүндө өзгөчө айырмаланган аскер кызматчылары КР КМ жетекчилигинин атынан грамоталар жана медалдар менен сыйланышты.

Салтанаттуу иш-чаранын соңунда конокторго жана өздүк курамга майрамдык концерт тартууланды.

Маалымдама: Кыргызстанда жыл сайын 20-июлда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын күнү белгиленет. Дал ушул күнү 1992-жылы Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын биринчи гвардиячылары Мекенине берилгендигине ант берип, кызматтык милдеттерин аткарууга киришкен.

Улуттук гвардия мамлекеттик эгемендикти, аймактык бүтүндүктү жана конституциялык түзүлүштү коргоо; мамлекеттик жана стратегиялык объекттерди кайтаруу; чет мамлекеттердин башчыларынын жолугушууларында жана узатууларында ардактуу кароол кызматын өтөө, ошондой эле протоколдук иш-чараларды өткөрүүдө салтанаттуу ырым-жырымдарды аткаруу боюнча милдеттерди аткаруучу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн атайын аскердик түзүлүшү болуп саналат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД