Улуттук гвардиянын жоокерлери муктаждарга жардам иретинде кан тапшырышты

Улуттук гвардиянын өздүк курамы муктаж болгондордун өмүрүн сактоо максатында кан тапшырышты. Бул тууралуу КР КМ маалыматтык камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 4-августунда 10126 аскер бөлүгүнүн медициналык пунктунда Кыргыз Республикасынын "Донордук кан жана анын компоненттери жөнүндө" мыйзамынын талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын өздүк курамы ырайымдуулук жана муктаж болгондордун өмүрүн сактоого умтулуусу акты катары кан тапшырышты. Иш-чарага 70тен ашуун аскер кызматчылары – офицерлер, прапорщиктер, сержанттар жана жоокерлер катышышты.

Иш-чаранын соңунда Улуттук гвардиянын жана Республикалык кан борборунун дарыгерлери аскер кызматчыларга адам өмүрүн сактап калуудагы ак ниеттүүлүк, камкордук жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД