Жүргүнчү ташыган айдоочуларга шарт түзүп берүү максатында жыйын уюштурулду

Бүгүн, 4-август күнү Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын Жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин демилгеси менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгын жана Бишкек шаарынын муниципалдык ишканаларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүнчү ташуу менен алектенген айдоочуларга ыңгайлуу шарт түзүп берүү максатында көчмө коммиссиясынын жыйыны уюштурулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын батыш автобекетинде республиканын аймактарына каттаган жеңил унаалары жана коомдук транспорт каражаттарынын кирүүсүндө жана чыгуусунда жол кыймылын уюштуруп берүү, жол белгилерин орнотуу жана унаалардын жүрүү бөлүгүндө жолдордун салынышы, жол чырактарынын кошумча орнотулушу, жол алдынан өтүүчү жөө адамдардын жолдорун оңдоп түзөө иштери каралып, тийиштүү кызматтарга тапшырмалар коюлду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД