Кадамжайда чек арадан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды

Кадамжайда милиция коопсуздукту камсыздап жүрүп чек араны бузуп кирген жаранды кармаган. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Айрыбаз айылында 2023-жылдын 5-сентябрынан 6-сентябрына караган түнү Айрыбаз айылдык милиция бөлүмчөсүнүн начальниги өзүнүн аймактык тескөөчүсү менен биргеликте коомдук коопсуздукту тейлеген аймагында көзөмөлдөп жүрүп, айылда бейтааныш адамды жолуктуруп калат.

Шек жараткан жарандан кайда жөнөгөндүгүн, жанында документтериң барбы деп сураганда ал Ош шаарына жөнөдүм деп жолду адаштырып айтып алат. Айрыбаз айылдык милиция бөлүмчөсүнүн начальниги шектүү жаранды бөлүмчөгө алып келип, текшерүү иштерин жүргүзгөндө, ал чек араны мыйзамсыз бузуп кирген 40 жаштагы М.Р. аттуу чет өлкөнүн жараны экендиги белгилүү болот.

Бул факты Кадамжай РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 378-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД