"УТРК Ысык-Көл": 24.kgге чыккан Рузиевдин маалыматы чындыкка дал келбейт

Рузиев аттуу укук коргоочунун кайсыл бир соттук процессин "УТРК Ысык-Көл" көрсөткөн жок. Аларга УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери басым кылыптыр деген маалымат эч кандай чындыкка дал келбейт. Телеканалдын кабарчысы ал сот жараянына кокустан катышып калган. Бирок, ал буга чейин маданий жана социалдык темаларды жазап жүргөндүктөн, бул ага өөн учурап, кете берет. Тилекке каршы, аты аталган укук коргоочу бул учурду дароо пайдалануу менен ага дароо саясий боек сүртүп,журналистге аймактагы атайын кызматтын кишилери басым кылды деген куру дооматты чапташтыра салат. Негизи, күнүмдүк жаңылыктар, теледолбоорлор кайсыл гана телеканал болбосун башка мекемелер аркылуу эмес, жооптуу редакторлор аркылуу эфирге жарыяланат. Анан да журналистге кысым көрсөтүлүп, ал иштен да айдалган деген билдирүүсү боюнча: Журналистге кимдир бирөөлөр тарабынан кысым да, басым да болгон эмес. Ушул тапта да ал кабарчы жаңылыктар бөлүмүндө иш алып барып жатат. Андыктан, мындай жалган маалыматтар телеканал менен кайсыл бир тараптардын ортосуна атайылап от салып көрүү аракети катары гана баалайбыз. Рузиев эгер, өзүнүн сот процесттерин чагылдырууну кааласа бизден башка да телеканалдар толо экендигине кеңеш берет! Ал эми биздин телеканалдын башкы максаты- чыр чатактарды эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жазалып жаткан иштерди элге жеткирүү экендигин эске салабыз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД