Улуттук гвардиянын жетекчиси Түркия гвардиясынын иши менен таанышты

2023-жылдын 27-ноябрынан 1-декабрына чейин Кыргыз, Түрк эки тараптуу аскердик кызматташуунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын колбашчысы, гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов Түркия Республикасында болду. Бул тууралуу КР КМ Маалымат камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кызматтык иш-сапарынын алкагында гвардиянын полковниги Т.Эргешов Түркия Республикасынын Президенттик гвардиясынын күзөт полкуну, атайын операциялар күчтөрү, музыкалык оркестри, гуманитардык жардам берүү боюнча бригадасы жана Улуттук коргоо университетинин кургактагы аскерлеринин окуу жайы менен таанышты.

Жолугушуунун соңунда тараптардын перспективдүү кызматташууларын мындан ары дагы кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД