БУУӨП ЭКМ кызматкерлери үчүн бир катар тренингдерди өткөрдү

2023-жылдын 30-октябрынан 3-ноябрына чейин – "Кыргыз Республикасындагы климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча иш-чараларды орто жана узак мөөнөттүү пландаштыруу жана ишке ашыруу үчүн Улуттук Адаптация Планын (УАП) иштеп чыгуу процессине көмөк көрсөтүү" долбоорунун алкагында БУУӨП Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (ЭКМ) кызматкерлери үчүн бир катар тренингдерди өткөрдү.

Бул долбоордун алкагында министрликтин климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жаатындагы потенциалына диагностика жүргүзүлдү. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоону эске алуу менен стратегиялык пландаштырууну координациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Гендердик-сезгич потенциалын чыңдоо стратегиясы иштелип чыкты.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин потенциалындагы климаттын өзгөрүү маселелерин жана адаптациялоо боюнча чараларды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн стратегиялык документтерине интеграциялоодогу аныкталган кемчиликтерине негизденүү менен тренингдердин программасы иштелип чыкты. Окутуучу тренингдер Экономика жана коммерция министрлигинин 4 башкармалыгына, ошондой эле министрликтин жетекчилигине багытталды.

Өткөрүлгөн тренингдердин максаты институттарды бекемдөө жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоону пландаштырууну вертикалдуу жана горизонталдуу координациялоону күчтөндүрүү болуп саналат. Бул ошондой эле өзүнө улуттук, тармактык жана областтык деңгээлдерде климаттык тобокелчиликтерди эсепке алууга көмөктөшүүнү, ошондой элеклиматтын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча артыкчылыктуу инвестициялардын программаларын аныктоону камтыйт.

Ушул окутуу программасынын милдеттери башкысы Экономика жана коммерция министрлигинин кызматкерлеринин билимдеринин базасын жана потенциалын төмөнкү багыттар боюнча өстүрүүгө багытталган:

- Өзгөрүп жаткан климаттын шарттарында жана буга байланышкан тобокелчилик процесстериндеги социалдык-экономикалык өнүктүрүү стратегияларын жана программаларын калыптандыруу.

- Аракеттерди координациялоо жана климаттын өзгөрүү маселелерин жана аларга адаптациялоо чараларын улуттук, тармактык/секторалдык жана аймактык саясаттарга экономикалык өнүгүүгө шайкештикте интеграциялоо.

Тренингдин катышуучулары КР ЭКМнын саясаты климаттын өзгөрүү аспекттерине тыгыз байланышта болууга жана глобалдык демилгелерди эске алууга тийиш деген ой-пикирлери менен бөлүштү. Министрликтин кызматкерлери коңшу өлкөлөрдүн климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча программаларына жана адаптациялоо чараларын эл аралык фонддор аркылуу каржылоо маселелерине кызыгууларын билдиришти. КР ЭКМнын ар кайсы башкармалыктарынын улуттук адаптациялоо пландарына (УАП) иштеп чыгуу процессине катышуусунун маанилүү экендигин өзгөчө баса белгиленди. Ошондой эле ар бир башкармалыктын спецификасын эске алуу менен климаттын өзгөрүү маселелерин терең изилдөө каалоосу дагы айтылды.

Окутуу боюнча колдоо программасы өзүнө алты модулду камтыйт, алардын ар бири бир нече сессиядан турат. Ар бир модуль окуу күнүнөн турат. Модулдар базалык жана атайын курстарга бөлүнөт, алар Экономика жана коммерция министрлигинин жетекчилиги жана тиешелүү башкармалыктары өнүктүрүүсү зарыл болгон функционалдык укуктарга жана көндүмдөргө жараша бөлүштүрүлөт.

БУУӨП Кыргыз Республикасындагы өнөктөштөр менен климаттын өзгөрүшүнө карата адаптациялоону жана туруктуу өнүгүүнү колдоо үчүн активдүү кызматташат. Биз адаптация жаатындагы жөндөмдөрдү чыңдоо туруктуу келечекке жетишүүнүн негизги элементи болуп саналарына ишенебиз.

****

Бул материал Кыргызстанда ЖКФ тарабынан каржыланып жана БУУӨП ишке ашырып жаткан "Кыргыз Республикасындагы климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча иш-чараларды орто жана узак мөөнөттүү пландаштыруу жана ишке ашыруу үчүн Улуттук Адаптация Планын (УИП) иштеп чыгуу процессине көмөк көрсөтүү" долбоору Кыргызстандагы БУУӨП тарабынын Жашыл климаттык фонддун финансылык колдоосу астында ишке ашырылып жатат.

****

Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) БУУнун жакырчылык, теңсиздик жана климаттын өзгөрүшүнөн улам келип чыккан адилетсиздик менен күрөшүп жаткан көрүнүктүү уюму болуп саналат. 170 өлкөдөгү эксперттердин жана өнөктөштөрдүн кеңири тармагы менен иштөө аркылуу, биз адамдар жана планета үчүн интеграцияланган, узак мөөнөттүү чечимдерди түзүүгө жардам беребиз. Биз тууралуу undp.org/Kyrgyzstan сайтынан толугураак окуңуздар же @UNDPkg кошулуңуздар.

Толугураак маалымат алуу үчүн БУУӨПтүн коммуникация бөлүмүнүн жетекчиси Айнагуль Абдрахманова менен ainagul.abdrakhmanova@undp.org почтасы же 0770 755776 тел., номери аркылуу байланышыңыздар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД