Көз жаракат бөлүмүнө заманбап жабдуулар тапшырылды

Борбордогу №4-оорукананын Көз жаракат бөлүмүнө заманбап жабдуулар тапшырылды. Аталган жабдуулар "Эл-Ди-Эс Черитиз" коомдук фонду тарабынан берилди.

Кайрымдуулук фонддун директору Дмитрий Цайдын айтымында, алар өлкөдөгү бир катар ооруканаларга колдоо көрсөтүүнү пландап жатышат.

Мындай колдоо эң оболу дарыгерлерге жагымдуу болду, дегенибиз буга чейин заманбап жабдуулардын жетишсиздигинен улам бейтаптарга 100 пайыз жардам берилбей калчу. Көз жаракат бөлүмүнүн башкы дарыгеринин орун басары белгилегендей, эми мындай көйгөйлөр артта калды.

Ошентип, "Эл-Ди-Эс Черитиз" коомдук фонду Шаардык тез жардам ооруканасына баасы 66 миң доллар каражатты түзгөн жабдууларды тапшырышты/


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД