Бишкекте каратэ боюнча "Bishkek Open-2024" эл аралык турнири өтөт

Бишкектин "Газпром" спорттук-эс алуу комплексинде 2-4-февраль күндөрү Бишкек шаарынын мэринин Кубогу үчүн WKF каратэ-до боюнча "Bishkek Open-2024" XVI эл аралык турнири өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштери боюнча департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын максаты – өлкөдө каратэни жайылтуу жана өнүктүрүү, коңшу мамлекеттер менен достук байланышты чыңдоо, спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана машыктыруучулардын тажрыйба алмашуусун өнүктүрүү болуп саналат.

Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь жана Орусиядан келген мыкты спортчулар катышмакчы. Турнирге катышууга азырынча 5 өлкөнүн 34 командасы арыз берген. Командалардын саны дагы да көбөйүшү мүмкүн.

Мелдеш кумите жана ката боюнча өтөт. Катышуучулардын жаш курактары 5 жаштан жогору.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД