Улуттук гвардияда салтанаттуу иш-чара өттү

2024-жылдын 25-апрелинде КР КК Улуттук гвардиясынын 10128 аскер бөлүгүнүн аймагында аскер бөлүктүн түзүлгөн күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Улуттук гвардиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага КР КК Улуттук гвардиясынын кол башчысы гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов, запастагы генерал-полковник Абдыгул Чотбаев, запастагы генерал-майор Асанбек Алымкожоев, запастагы генерал-майор Санжар Эркинбаев, запастагы полковник Табылды Окошев жана башка чакырылган коноктор катышышты.

Өз сөзүндө гвардиянын полковниги Т.Эргешов бул убакыттын ичинде аскердик бөлүктүн түзүмү жана саны бир нече жолу өзгөргөнүн, бирок мыкты күжүрмөн даярдыгы, коюлган тапшырмаларды аткаруудагы ырааттуулугу бул аскер бөлүктүн жоокерлерин ар дайым өзгөчөлөнтүп келгендигин жана тайманбастык, кесипкөйлүк менен тапшырылган ар кандай күжүрмөн тапшырманы, салттарын улантууну аткарууга даяр жана биздин атайын багыттагы аскер бөлүк мыкты болуп келген жана боло берет, - деп ишеним менен белгилеп өттү. Ошондой эле чакырылган коноктор да куттуктоо сөздөрүн айтып өтүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө аскер бөлүктүн бир катар аскер кызматкерлери жана аскер бөлүктүн түзүлгөн күнүнө арналган мини-футбол жана волейбол боюнча турнирлердин жеңүүчүлөрү КР КК Улуттук гвардиясынын колбашчысынын жана башка өз ара аракеттешүүчү органдардын буйруктарынын негизинде кубок, медаль жана грамоталар менен сыйланышты.

Чакырылган коноктордун назарына аскер бөлүктүн аскер кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик чеберчиликтерин көрсөтүп, чындыкка мүмкүн болушунча жакын кылып, көп кабаттуу имаратка чабуул жасап, шарттуу каршылаштар жашынган имаратка чабуулун көрсөтүштү.

Иш-чаранын соңунда чакырылган коноктор аскер бөлүктүн мааракесине карата жашылдандыруу иш-чарасы менен аякташты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД