Кыргызстан менен Өзбекстандын Улуттук гвардиялары тажрыйба алмашышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясы менен Өзбекстан Республикасынын Улуттук гвардиясынын ортосундагы 2024-жылга кызматташуу планынын алкагында 2024-жылдын 20-июнунан 22-июнуна чейин Өзбекстан Республикасынын Башкы коопсуздук башкармалыгынын өкүлдөрү, полковник У. Кодиралиевдин жетектөөсүндө Кыргыз Республикасына иш сапары менен келип, анын жүрүшүндө категорияланган объектилерди коргоону камсыздоо жаатында тажрыйба алмашуу жүргүзүлдү.