Улуттук гвардиянын түзүлгөн күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

2024-жылдын 20-июлунда КР КК Улуттук гвардиясынын аскер бөлүгүнүн базасында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын түзүлгөн күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Улуттук гвардиянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, салтанатка Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Эрлис Тердикбаев, КР КК Улуттук гвардиясынын колбашчысы гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ардагери генерал-полковник Абдыгул Чотбаев, генерал-майор Асанбек Алымкожоев, аскер кызматкерлери жана чакырылган коноктор катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар аскер кызматкерлерине кызматтык милдеттерин аткарууда көрсөткөн тырышчаактыгы, кызматтагы жетишкендиктери, жогорку кесиптик чеберчилиги ошондой эле спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин жана КР КК Улуттук гвардиясынын колбашчысынын буйругу менен дипломдор, грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.

Салтанаттуу бөлүк аскер кызматчылардын кол уруш боюнча ыкмалары, аскердик оркестрдин дефиле көрсөтүүсү менен уланып, Улуттук гвардиянын "Алга, гвардия" маршы жана аскер кароолунун салтанаттуу маршы менен аяктады.

Майрамдык салтанаттын соңунда аскер кызматчылар жана коноктор үчүн Улуттук гвардиянын аскердик оркестри тарабынан даярдалган майрамдык концерт тартууланды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД