ИИМге ишенбей калдык. Чындык издеген үлүшчүлөр Ташиевге кайрылышты

Редакциябызга бир нече адам кайрылып, курулуш компаниясына алданып, үйчүз калуу коркунучунда турушкандыгын айтып беришти. "Биздин ИИМге жазган арызыбыз бир жарым жылдан бери ар кайсы тергөөчүгө топ тепкендей эле өтүп, бирок дагы деле эч кандай жылыш жок. Ишти адилет тергелишине деле ишенбей калдык. Келсе бир гана Камчыбек Ташиевдин гана колунан келет", - деп айтып беришти.

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, биз үлүшчүлөр курулуш компаниясына алданып, үйсүз калуу коркунучунда турабыз. Биз, жалпысы жыйырмадай адам 2015-2016-жылдары "Иска Строй" курулуш компаниясы менен келишим түзүп, Бишкек шаары, Абай көчөсү, 117а дарегинде жайгашкан жер тилкесинде курула турган көп кабаттуу үйгө үлүшчү болгонбуз. Жалпысы 20дай үлүшчү "Иска Строй" курулуш компаниясына ар кандай суммада акча төккөнбүз. Тилекке каршы, "Иска Строй" курулуш компаниясынын жетекчиси Нарынбек Сариев үйдү жана андан башка да объекттерин куруп бүтүрбөй коюп, 2019-жылы соттолуп 7 жылга эркинен ажыратылган болчу. Бирок, тез эле абактан чыгып кеткен.

Биз, Абай көчөсү, 117а дарегинде жайгашкан жерде курула турган көп кабаттуу үйдүн үлүшчүлөрү ошол убакта ал жер тилкесин Нарынбек Сариевден өткөрүп алып, башка курулуш компаниясын таап, үйдүн курулушун бүтүрмөкчү болгонбуз. Жыйынтыгында, Сариев жер тилкесин үлүшчүлөрдүн бири Мурат Мурзаевге өткөрүп берген. Себеби, Мурат Мурзаев көбүрөөк чуркап жүргөн, анткени ал башка үлүшчүлөргө караганда көбүрөөк акча төлөгөн экен. Жер тилкесинин документтери Мурат Мурзаевдин атына өткөндө, ал жерде башка үлүшчүлөр менен кошо өтмөк жана ал үйдү куруп бүтүрмөк.

Мурат Мурзаев көпчүлүк үлүшчүлөрдөн документ жасатканга деп 40 миң сомдон акча да алган. Андан кийин Мурат Мурзаевдин Бишкек шаарынын Коёнкөзов көчөсүндө жайгашкан офисинде да бир нече ирет чогулуш кылганбыз. Жыйынтыгында, ал жер тилкесине "Глобус Строй" курулуш компаниясы үйдү куруп бүтүрүп бермек болгон. Үлүшчүлөрдүн "Иска Стройго" төлөгөн акчасы төлөндү болуп эсептелмек.

Андан кийин "Глобус Строй" курулуш компаниясынын жетекчиси Амандык Жапаров менен да көп жолу чогулуш өткөрдүк. Амандык Жапаров калган үлүшчүлөр менен алгач жер тилкесине курула турган үйдүн курулушуна керектүү документтер толук бүтсүн, анан Мамлекеттик каттоо кызматы аркылуу ортодо келишим түзөбүз деп айтып келген. Кийин болсо 3-кабатка жеткенде, анан 5-кабатка жеткенде келишим түзөбүз деп жүрдү. Бирок, курулуш 5-кабатка жеткенде да Амандык Жапаров ар кайсы шылтоолорду айтып, биз менен келишим түзүүдөн качып калды. Ал эми Мурат Мурзаев болсо таптакыр эле дайынсыз болуп кетти, чогулуштарга да келбей калды.

2023-жылдын май айында болгон чогулушта Амандык Жапаров июнь айында чогулуш кылалы, ошондо Мурат Мурзаевди да чакырам деген. Июнь айында болгон чогулушта да Мурат келген жок. Ошондо биз келишимди көрсөт деп талап кылганда гана Амандык келишимдин көчүрмөсүн көрсөттү. Келишимде Мурат Мурзаевге гана 1400 чарчы метр аянт берилет деген жери бар, калгандарыбыз жок экенбиз. Анда эмне үчүн буга чейин Амандык Жапаров "силерди тааныбайм, эмнеге келип жүрөсүңөр" деп айтып койбой, убакыт созуп алдап келген?..

Ошондо гана биз Амандык Жапаров менен Мурат Мурзаев башынан эле бизди алдап жүрүшкөнүн билдик.

Анан биз 2023-жылдын июнь айында Башкы прокуратурага арыз жаздык. Башкы прокуратура жазган арызыбызды Бишкектин Биринчи Май РИИБине жөнөтүп, бул ишти тергөөчү Эрнис Алмабеков карап баштаган. Тергөөчү Эрнис Алмабеков эч кандай тергөө иштерин жүргүзбөй, эки айдан кийин ишти Жантай Базарбаев аттуу тергөөчүгө өткөрүп берген. Жантай Базарбаев да эч кандай иш кылган жок, андан кийин иш дагы башка тергөөчүнүн колуна өткөн. Ошондо да иш ордунан таптакыр жылган жок. Андан соң Нурсултан Нарбаев аттуу тергөөчү карап баштаган. Эми болсо ишти Бишкек ШИИББинин тергөө бөлүмүнө өткөрүп, эми дагы башка тергөөчү карап баштады.

Жогорку кызматта иштеген кимдир бирөөлөр калкалап жатабы же Амандык Жапаров жана Мурат Мурзаев тергөөчүлөр менен ич ара сүйлөшүп алып, иш жүрбөй жатабы деп ойлоп жатабыз.

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, биз ИИМге ишенбей калдык. УКМКга да арыз жаздык эле, алар ишти кайра ИИМге өткөрүп беришти. Адилеттүү каралышы үчүн биздин ишибизди УКМК тергешин каалайбыз. Ошондуктан Сизден бул ишти УКМКга өткөрүп алууңузду жана өз көзөмөлүңүзгө алууңузду өтүнөбүз.

"Иска Строй" курулуш компаниясынын үлүшчүлөрү


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД