Таласта Төрөкул Жанузаковдун ашы өтөт

Таласта Төрөкул Жанузаковдун ашы өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучуоары кабарлашты.

"Урматуу Талас облусунун тургундары жана коноктору! Сиздерди 26-июль күнү Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө чоң салым кошкон аталарыбыздын бири, мамлекеттик жана коомдук ишмер, Түркстан Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасынын орун басары Төрөкул Жанузаковдун жаркын элесине арналган иш-чарага чакырабыз! Иш-чарада маданий оюн-зооктор, ат оюндары орун алып, Талас районунун Талды-Булак айылынын Төрөгелди Максүт уулу атындагы ат майданында өтмөкчү. Баарыңыздарды элибиздин сыймыктуу уулуна бата кылып кетүүгө чакырабыз", деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД