Кыргызстандык спортчулар Кытайдан ийгиликтүү кайтышты

Кыргызстандын каратэ боюнча улуттук курамасынын жаш спортчулары Кытайда өткөн Азия чемпиондугунан ийгиликтүү кайтышты.

Ушул жылдын 5-7-сентябрь күндөрү Кытайдын Шаогуань шаарында кадеттер, юниорлор жана 21 жашка чейинки жаштар арасында WKF каратэ боюнча Азия чемпионаты болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын каратэ боюнча улуттук курама командасынан бул Азия чемпионатына 18 спортчу, 3 машыктыруучу жана 3 калыс барган.

Жыйынтыгында, биздин спортчулар жалпысынан 1 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медаль тагынышты.

Кадеттер арасындагы жыйынтыктар:

1. Алибаев Атахан - 63 кг коло

2. Камилов Алинур +70 кг коло

Юниорлор арасындагы жыйынтыктар:

1. Явгет Матвей -76 кг алтын

2. Даян Деря +66 кг коло

21 жашка чейинки жаштар арасындагы жыйынтыктар:

1. Орозалиева Бегимай +68 кг күмүш

2. Акылбек уулу Эрлан -67 кг күмүш

Машыктыруучулар:

1. Дүйшеев Бакыт - улук машыктыруучу

2. Медербек уулу Жоомарт - улук машыктыруучу

3. Осмонов Шайырбек - машыктыруучу

Калыстар:

1. Казанов Дмитрий - эл аралык категориядагы калыс

2. Аманов Данияр - эл аралык категориядагы калыс

3. Конник Дарья - эл аралык категориядагы калыс.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД