Алинур Камилов каратэ боюнча дүйнөлүк турнирде чемпион болду

Каратэчи Алинур Камилов дүйнөлүк рейтингдик турнирде чемпион болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-7-декабрь күндөрү Италиянын Лидо-ди-Езоло шаарында WKF уюмунун дүйнөлүк рейтингдик каратэ турнири өттү, ага 77 өлкөдөн 3045 спортсмен катышты.

Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү Алинур Камилов кадеттер арасында 70 кг жогорку салмакта турнирде чемпион болду.

Бул кыргыз каратэсинин дүйнөлүк рейтингдик турнирлердеги тарыхындагы биринчи алтын медаль болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД