Роза Джайлобаева: Токтомдор эмне үчүн күчүнө кирбей калат?

Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруу расмий түрдө кеңири ыйгарым укуктарга ээ. Бирок, иш жүзүнө келгенде дал ушул деңгээлде укуктук жактан алешемдиктер көп учурайт, анын кесепетинен көпчүлүк учурда чечимдер күчүнө кирбей калышы же жараксыз деп таанылышы мүмкүн.

Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институтунун башкы эксперти Роза Джайлобаева маектешүүдө кеңири айтып берди. Анын айткандарына караганда, көйгөй "тажрыйбанын жетишсиздигине" караганда алда канча терең.

"Токтом" токтом болбой калганда...

Жергиликтүү кеңештердин ишиндеги эң көп кездешкен каталардын бири - ченемдик актылардын түрлөрүн чаташтыруу.

Роза Джайлобаеванын айтымында, жер-жерлерде көп учурда уюштуруучулук чечимдерден баштап, укук ченемдерин такыр камтыбаган документтерге чейин баарын эле "токтом" деп атап коюшат.

Бирок алардын айырмасы өтө принциптүү экендиги талашсыз. Айта кетсек, айрым актылар адамдардын белгисиз тобунун жүрүм-турумун жөнгө салат жана көп жолу колдонулат, башкалары - конкреттүү кырдаалдарга, уюмдарга же атүгүл бир чечимге тиешелүү, керек болсо ченемдик мүнөзгө да ээ эмес.

"Эгер документте жүрүм-турум ченеми жок болсо жана көп жолу колдонууга арналбаса, анда бул ченемдик акт болуп эсептелбейт", - деп түшүндүрөт эксперт.

Кагаз бетинде гана "жашаган" документ

Көйгөй классификациялоодон эле башталбайт. Чечимдердин сапаты алда канча олуттуу. Юстиция министрлиги жергиликтүү кеңештердин документтерине байма-бай көз салып турат, алар көпчүлүк учурда чындыгында бир эле сап менен таризделет, тактап айтканда, негиздемеси жок, түзүмү жок, жол-жобо элементтери жок. Кандай гана ченемдик акты болбосун, бул жөн гана депутаттардын чечими эмес. Бул процесс.

Ошондуктан, Джайлобаева баса белгилегендей, ар бир документ бир нече милдеттүү этаптардан өтүшү керек. Документти талкуулоодон баштап, макулдашуу, сессияда кароо, жарыялоо, андан кийин Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүүгө чейин документтер кынтыксыз таризделиши абзел. Эгерде аталган этаптардын бири көз жаздымда калса, бул документ сотко талашка түшүп, жараксыз деп таанылуу коркунучу жаралат.

Андыктан, "жол-жобо формалуу нерсе эмес. Бул чечимди легитимдүү кылган нерсе", - деп белгилейт эксперт.

Чечим кабыл алынып, бирок иштебей калганда...

Мындай учур иш жүзүндө парадокстуу кырдаалдарга алып келет. Жергиликтүү органдар чечим кабыл алат, атүгүл аны ишке ашырууну да башташы мүмкүн, мисалы, мекемени ачуу же тарифтерди белгилөөнү алсак.

Бирок, эгер документ каттоодон өтпөсө же макулдашуу жол-жоболору (процедуралары) бузулса, мындай чечимдин каржылык жана укуктук кесепеттери мыйзамсыз болуп калышы мүмкүн. Мындай учурлар өзгөчө тарифтер жана жергиликтүү жыйымдар чөйрөсүндө көп эле кездешет.

Роза Джайлобаеванын айтымында, бул көйгөйлөр системалуу мүнөзгө ээ. Анткени, көптөгөн жергиликтүү органдарда юристтер жетишпейт, документтердин түрлөрүн айырмалай албайт, ченем жаратуу техникасын түшүнбөйт, чечимдер жол-жобо боюнча эмес, "адат боюнча" кабыл алынат.

Натыйжада, барандуу, маанилүү документтер да күчүнө кире электе эле "туубай туна чөктү" дегендей, мыйзамдуу күчүн жоготот.

Тартипке салуу аракети: колдонмо жана окутуу

Мындай кырдаалды оңдоо үчүн Юстиция министрлиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте практикалык колдонмо иштеп чыкты.

Бул идеядан баштап, документти каттоодон өткөнгө чейинки "жол картасы" десек жаңылыштык болбойт. Практикалык колдонмодо төмөнкү маселелер – демилгени тариздөө, талкууну өткөрүү, экспертизадан өтүү, актыны каттоодон өткөрүү этаптары кең-кесири жазылган.

Ошондой эле, көбүн эсе каталарга алып келген көйгөй болгон токтомдор менен тескемелердин ортосундагы айырмачылыкка өзүнчө көңүл бурулат.

Эмне үчүн жергиликтүү чечимдердин сапаты өтө маанилүү

Жергиликтүү актылардагы каталар жөн гана укуктук формалуулук эмес. Ошол документтердеги кемчиликтер адамдардын жашоосуна түздөн-түз таасир этээрин баса белгилөө керек. Алсак, жашылдандыруу, инфратүзүм, тарифтер жана жергиликтүү программалар боюнча чечимдер натыйжалуу иштеп кетет, же укуктук боштукка кептелип, майнап чыкпай калышы мүмкүн.

Ал эми документтердин сапаты канчалык төмөн болсо, алар чыр-чатактардын, сотто талаш-тартыштардын чордонуна айланып, жергиликтүү бийликке ишенбөөчүлүк тобокелчилиги да ошончолук жогору болот.

Андан ары эмне болот? Учурда окутууга, санариптештирүүгө жана документтерди алгачкы экспертизадан өткөрүүгө, анын ичинде жасалма интеллектти колдонуу аракеттерине өзгөчө көңүл бурулушу керек.

Бирок, эксперт баса белгилегендей, технологиялар негизги нерсени – жер-жерлерде укукту түшүнүүнү алмаштыра албайт .

"Мыйзамдар түшүнүктүү болуп, адамдар үчүн иштеши керек, алар эч ким практикада колдоно албаган текст бойдон калбашы керек", - деп жыйынтыктайт Роза Джайлобаева.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД