Ким психолог деп аталууга укуктуу - Кыргызстанда жаңы мыйзам даярдалууда

Бишкекте психологиялык ишмердик жана психологиялык жардам жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун кезектеги жыйыны өттү. Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева демилгелеген документ эми берене-беренеси боюнча талкууланууда. Жыйынга психологдор, илимий коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Кыргызстанда психологиялык жардам көрсөткөн адистерге бирдиктүү талаптарды белгилеген өзүнчө мыйзам азырынча жок. Мындан улам кыска мөөнөттүү курстардан өткөн адамдар кардарларга, анын ичинде интернет аркылуу консультация берип, өздөрүн психолог катары тааныштырган учурлар кездешет. Мындай адистин билимин жана квалификациясын мамлекеттик бирдиктүү база аркылуу текшерүүгө учурда мүмкүн эмес.

Жарандар үчүн негизги маселелердин бири - жардам сурап кайрылган адистин тиешелүү билими жана квалификациясы бар-жогун алдын ала билүү. Бул үчүн психологдордун ачык мамлекеттик реестрин түзүү сунушталууда. Реестр аркылуу адистин билими, квалификациясы жана кесиптик тажрыйбасы тууралуу маалыматты текшерүүгө мүмкүн болот.

Мыйзам психолог болуп иштөөгө кимдер укуктуу экенин жана бул кесипке кандай талаптар коюларын да так аныкташы керек. Мындан тышкары, реестрге киргизүү тартиби, кардардын маалыматынын купуялуулугун сактоо жана психологдун кесиптик көз карандысыздыгы боюнча талаптар каралууда. Көп жылдан бери психолог болуп иштеп жүргөн, бирок мыйзам долбоорунда сунушталып жаткан жаңы билим берүү талаптарына жооп бербеген адистердин маселеси да өзүнчө чечилиши керек.

Депутаттык демилгеден кесиптик талкууга чейин

Мыйзам долбоорун Эльвира Сурабалдиева демилгелеген. Бирок депутат психологдордун ишин жөнгө сала турган талаптар кесиптик коомчулуктун түздөн-түз катышуусу менен иштелип чыгышы керек деп эсептейт. Ошондуктан долбоорду талкуулоого практик психологдор, илимий жана кесиптик коомчулуктун, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана башка кызыкдар тараптар тартылган.

Бул жолку жыйында жумушчу топ документти берене-беренеси боюнча кароого өттү. Психологдун макамы, кесиптик ишмердигине коюла турган талаптар жана мамлекеттик реестрди түзүү тартиби талкуунун негизги темаларынын катарына кирди.

Негизги маселелердин бири - психолог болуп иштей турган адамдын билимине коюлуучу талаптар. Катышуучулар психологиялык жардам көрсөтүүгө укук бере турган даярдыктын бир нече вариантын карап жатышат. Алардын арасында психология боюнча жогорку билимдин болушу, ошондой эле биринчи жогорку билимин башка адистик боюнча алып, кийин психология тармагында кесиптик даярдыктан өткөн адамдардын психолог болуп иштөө мүмкүнчүлүгү бар.

Мындай адистер үчүн өткөөл мезгил киргизүү да каралууда. Анын шарттары азырынча талкууланып жатат. Максат - жаңы талаптардан улам көп жылдан бери иштеп жүргөн адистер бир күндө эле кесиптен сыртта калып калбашы жана ошол эле учурда келечекте психологдорду даярдоого карата так билим берүү талаптарынын болушу.

Бул маселе жеке практика менен гана чектелбейт. Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү адистештирилген мекемелерде психологдор жетишсиз экенине көңүл бурушту. Кадр тартыштыгынан улам айрым мекемелерде негизги адистиги педагогика, социалдык иш же башка тармактарга байланыштуу болуп, кийин кошумча даярдыктан өткөн кызматкерлер психолог болуп иштеп жатышат. Талкууда мындай адистер үчүн эки-үч жылдык өткөөл мезгилди кароо сунушталды.

Психологдордун реестри кандай болушу керек

Жыйындын олуттуу бөлүгү Психологдордун бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү маселесине арналды.

Катышуучулар реестрге киргизүүнүн жана адистин квалификациясын ырастоонун бир нече жолун карашты. Алардын бири боюнча талапкер билими, иш тажрыйбасы, супервизиялары жана жарыяланган эмгектери тууралуу маалымат камтылган портфолио тапшырат. Анын квалификациясына курамы мезгил-мезгили менен жаңыланып турган комиссия баа берет.

Депутат Сурабалдиева мындан жөнөкөй жолду сунуштады. Анын пикиринде, кесиптик аккредитациянын татаал системасы реестрди түзүү жана мыйзамды кабыл алуу процессин кыйла созуп жибериши мүмкүн. Ошондуктан негизги вариант катары тиешелүү билими ырасталган адистердин ачык мамлекеттик тизмесин түзүү талкууланууда. Анда психологдун квалификациясы, иш тажрыйбасы жана кошумча даярдыгы тууралуу маалыматтар көрсөтүлөт.

Реестрди ким жүргүзөрү да маанилүү маселе бойдон калууда. Эльвира Сурабалдиева бул багыттагы көзөмөл мамлекеттик системанын карамагында болушу керек деген позицияны карманууда. Ал кимге психолог болуп иштөөгө уруксат берилерин аныктоо укугун айрым жеке кесиптик бирикмелерге берүүгө каршы.

Жөнөкөй жаран үчүн бул эки ыкманын айырмасы анчалык маанилүү эместей сезилиши мүмкүн. Бирок реестрдин кандай түзүлөрүнөн адам биринчи консультацияга барар алдында адис тууралуу маалыматты канчалык оңой текшере алары түздөн-түз көз каранды болот.

"Адам адисти текшере ала турган мүмкүнчүлүккө ээ болушу керек"

Жыйындан кийин VB.KG кабарчысы Эльвира Сурабалдиева менен сунушталып жаткан талаптар интернетте кандай иштей турганы жана бүгүн социалдык тармактар аркылуу консультация берип жүргөндөр үчүн эмне өзгөрүшү мүмкүн экени тууралуу маектешти.

- Эльвира Жыргалбековна, сиз онлайн кызматтар рыногун жөнгө салуу зарылдыгын айттыңыз. Мыйзам долбоорунда бул багытта эмнелерди кароо пландалууда?

- Талкуунун башында эле бул маселеге дагы кайрыла турганыбызды айткам. Жогорку Кеңештин депутаты катары мага көптөгөн арыз-кайрылуулар түшөт. Жөнөкөй тил менен айтканда, азыр онлайн-платформалар аркылуу тиешелүү билими жана тажрыйбасы жок көп адамдар иштеп жатышат. Алар өз кызматтарын кесипкөй психологиялык жардам катары көрсөтүшөт.

Ата-энелер мага көп кайрылып: "Балдарым онлайн консультация алып жатышат. Бул адам чындап эле адиспи же жокпу, текшерип бере аласызбы?" - деп сурашат. Бирок бизде бирдиктүү база жок. Бул мыйзам долбоору дал ушундай мамлекеттик база - психологиялык жардам көрсөтүүгө укугу бар адамдардын реестри болушу үчүн иштелип чыккан. Кийинки жолугушууда онлайн консультацияларды мыйзамдык жактан кантип жөнгө салуу керектигин талкуулап, бул багытты иретке келтирүүнү пландап жатабыз.

Мамлекеттик реестр онлайн иштеген адистерди текшерүүгө да мүмкүнчүлүк бериши керек. Адам жалпы базадан психологду таап, анын билими ырасталганын жана психологиялык жардам көрсөтүүгө укугу бар экенин текшере алат. Муну сайттагы издөө системасы аркылуу жасоого болобу же QR-код колдонулобу - техникалык жагы кийин аныкталат.

Мында коучингге, мотивациялык консультацияларга жана башка ушул сыяктуу кызматтарга тыюу салуу тууралуу сөз жок. Маселе "психолог" деген кесиптик макамды кимдер колдоно аларында. Тиешелүү квалификациясы жок адам өзүн психолог деп тааныштырып, психологиялык жардам көрсөтүүгө укуктуу болбошу керек.

Эми эмне болот

Мыйзам долбоорунун үстүндөгү иш муну менен аяктабайт. Документ жумушчу топтун мүчөлөрү жана кесиптик коомчулук берген сунуштарды эске алуу менен дагы толукталат. Андан кийин мыйзамда каралган макулдашуу жол-жоболорунан жана коомдук талкуудан өтөт.

Долбоор боюнча иш аяктаганга чейин жумушчу топтун жолугушуулары уланат. Алдыда онлайн консультацияларды жөнгө салуу, психологдордун билимине коюла турган акыркы талаптарды аныктоо, өткөөл мезгилдин шарттарын жана мамлекеттик реестрди жүргүзүү механизмин макулдашуу сыяктуу маселелер бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД