Бир суткада 931 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында - 435, Ош шаары - 147, Чүй облусу - 129, Ош облусу - 93, Талас облусу - 4, Нарын облусу - 5, Ысык-Көл облусу - 27, Жалал-Абад облусу - 50, Баткен облусу - 41 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында беш, Чүй облусунда эки, Ош облусунда бир бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери 116 миң 546 киши вируска чалдыгып, 1 миң 945 бейтап көз жумду.