Монополияга каршы агенттиги күйүүчү майдын эмнеге кымбаттаганын түшүндүрдү

Күйүүчү майдын баасын орусиялык компаниялар көтөрүп жиберишти. Бул тууралуу тегерек столдун жүрүшүндө Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин өкүлү Лариса Шустикова билдирди.

"Баарыңыздар билесиңер биздин өлкөгө күйүүчү май Орусиядан келет. Дал ушул орусиялык компаниялар бааны көтөрүп жиберди. Ошондой эле доллардын наркы жогорулашы да канчалык бир денгээлде таасирин берди", - дейт Шустикова.

Ошондой эле алар күйүүчү май ташыган компаниялардын ишин көзөмөлдөшө албастыгын, сунуштама берилип жатканын билдирди.

"Монополияга каршы кызматы нефтетрейдерлердин, авиажү к ташуучулардын, автоунаа ташыгандардын бааларын көзөмөлдөй албайт. Алар бааларды кескин көтөрүп же кескин түшүрүп жибербесе эле. Андай учурда биз иш козгой алабыз.

Бирок буга карабай биз күйүүчү май ташыгандарга сунуштамаларды бердик, эскерттик алар бааларды кескин көтөрбөөсү тууралуу", - дейт Шустикова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД