Эксперттер эмдөөдөн өткөн адамга коронавирус жукканын кантип билсе болорун аныкташты, деп жазды "Экспресс" ("Express") басылмасы.
Белгилүү болгондой, эмдөөдөн өткөндөн кийин дагы коронавирус жугушу мүмкүн. Вакцина COVID-19'дун жеңил өтүшүнө жардам берет жана башка адамга коронавирус жуктуруу тобокелдигин азайтат.
Масштабдуу изилдөөгө таянсак, эмдөөдөн өткөн адамдар коронавирус жуктурганда көп чүчкүрүп калышат. Эмдөөдөн өтүп, бирок коронавирус жуктурган адамдар дагы өздөрүнөн ушул белгини байкашкан.
Ал эми эмдөөдөн өтпөгөн адам көп чүчкүрүп калса, демек ал сасык тумоолоп же аллергиядан жабыркап жатат деп билиш керек.