Кыргызстан жакында Россиядан эки тик учак жана өрт өчүргөн 80 автоунаа алат

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жакын арада Россиядан эки тик учак алат. Бул тууралуу министр Бообек Ажикеевдин айтымына таянып министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, ӨКМдин техникалык жөндөмүн жогорулатып, атайын техника алуу үчүн Россия менен Кыргызстандын ортосунда 20 миллион долларга келишим түзүлгөн.

"Келишимдин жыйынтыгы менен август айынан тарта Кыргызстанга 80ден ашык өрт өчүрүүчү техника, эки тик учак жана кошумча жабдуулар кайтарымсыз негизде алып келинет", - деп айтылат маалыматта.

Министр, мындан сырткары, 2021-жылдын аягына чейин Кытай Кыргызстанга грант түрүндө 6 мобилдик госпиталь жана 100гө жакын өрт өчүрүүчү техника бере турганын айткан.

Эске салсак, учурда ӨКМдин өзүнө таандык бир дагы тик учагы жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД