Садыр Жапаров карантиндик режимде иштөөгө өттү

Президент Садыр Жапаров аралыктан иштөөгө өттү. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, өлкө башчысы жакынкы аралыкта алдын ала пландалган иш-чарага катышат. Учурдагы кырдаалга байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык талаптарды эске алып, убактылуу карантиндик режимге өттү.

Өлкөдөгү бардык окуялар, анын ичинде социалдык-экономикалык маселелер дайыма мамлекет башчысынын көзөмөлүндө болорун билдирди Президенттин маалымат катчысы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД