"Ош" базарынан дары сатып алган жигит көп узабай көз жумду

Бишкектин Ала-Тоо конушундагы бейтапканада эркек киши көз жумду. 1992-жылы төрөлгөн жигитке антибиотик сайылган. Бул маалыматты шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова тастыктады.

"Медиктер мага айткан маалымат боюнча, 16-июнда ийне сайдыруу үчүн барган. Ага мурун дагы цефтриаксон сайылган экен.

Медиктердин айтымында, алгач текшерип, андан кийин ийне сайышкан. Андан кийин абалы оорлоп баштаган", - деди дарыгер.

Исмаилова бейтапканада бардык керектүү жардамдар көрсөтүлгөнүн айтты.

"Милиция кызматкерлери чакырылган. Медиктер бейтаптын жанында жубайы кошо жүргөнүн айтышты. Ал маркум бейтапканага алып барган цефтриаксон дарысын "Ош" базарындагы контейнерден сатып алганын айтты. Ал жакка милиция кызматкерлери жөнөп кеткен. Бейтаптын үйүнөн да дары табылган. Анын баары экспертизага берилди. Маркумдун денеси союлду. Жыйынтыгы бир айдан кийин чыгат", - деди Б.Исмаилова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД