Бир суткада 822 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында - 300, Ош шаары - 70, Чүй облусу - 207, Ош облусу - 93, Талас облусу - 9, Нарын облусу - 1, Ысык-Көл облусу - 20, Жалал-Абад облусу - 80, Баткен облусу - 42 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда эки, Ош шаары жана Чүй облусунда бирден бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери 118 миң 106 киши вируска чалдыгып, 1 миң 958 бейтап көз жумду.