Каптагаев: "Транспорт министирлигинде уят дагы, жоопкерчилик дагы жок

Транспорт министирлигинде уят дагы, жоопкерчилик дагы жок. Мындай пикирди коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев социлдык баракчасына жазды.

--"Жумгал өрөөнү боюнча жол деген таптакыр жок болуптур. Оңдоп жаңы салынып жатканына караганда оңдолбой турган жагы немис бомбалап кеткендей.

Жазында митинг болуп атканда "жаңы жол жасалып жатпайбы, чыдай турса болбойт беле" дегендей ойлоп койдум эле. Көрсө митингиге чыкмак турсун жалпысынан эле жолдун нугуна туурасынан жатып алышса дагы туура болмок экен. ашондой акыбалга жетип калыптыр. Ары-бери танк айдап эле жүрбөсөң, жөнөкөй машине менен жол жүрүү тирүүнүн тозогу болуп калыптыр. Жол куруп иштеп жаткандар деле көрүнбөйт. Бирин-эки техника турат, он чакты жумушчу жолукту... жымжырт. Бул тейи менен жакынкы он жылда дагы бүтпөйт го.

Транспорт министирлиги менен ошол жердеги ДЭП-24түн жетекчилеринде уят дагы, жоопкерчилик дагы жок. Курулуш иштери жүрбөй турган участкаларды кадимки жолду тейлөө регламентине ылайык оңдоп-түзөп кармап туруу алардын милдети го. Карабай таштап коюшуптур. Казылып, топурак төгүлгөн жерге караганда, казылбай турган мурдагы жолдун түрү укмуш. Аркы Арал-Суусамыр жолу жөнүндө эми айтпай эле койсок болот. Кыскасы элибиздин "Жол азабы - көр азабы" деген накыл сөз Жумгал жакта иш жүзүнө ашырылып жатыптыр туугандар", - дейт саясатчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД