Аксыда атасын сабаган 26 жаштагы жигит камакка алынды

Жалал-Абадда атасын сабаган 26 жаштагы жигит камакка алынды. Бул тууралуу VB.KG`ге облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Авлетим айылында болгон. Анда 59 жаштагы жаштагы А.А. аттуу тургун милицияга кайрылган. Ал арызында 25-июнда саат 20:00дөр чамасында 58 жаштагы аялы жана 26 жаштагы А.С. аттуу баласы аны үйдүн ичине камап алып, сабашкандыгын билдирген.

Бул окуя боюнча 27-июнда Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Аталган окуя боюнча Аксы РИИБинин жетекчилиги, тергөө-ыкчам тобу чыгышып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, сүрөткө алынган. Учурда жабырлануучунун денесине соттук-медициналык экпертиза дайындалган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тиешелүү адамдар суралып, окуянын чоо-жайы такталып, натыйжада шектүү катары жабырлануучунун 58 жаштагы аялы жана 26 жаштагы уулу кармалып, 98-берененин негизинде 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД